Акылбек Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

Акылбек Жапаров каттоочунун суроолоруна жооп берип, ал атайын мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду.

Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырып, бул компаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгилесек, калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Республиканын алыскы райондорунда каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өтөт.

Кампания мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта алгач ирет өтүүдө, каттоочулар ишинде планшеттерди же мобилдик телефондорду пайдаланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан