Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абакта балдары менен отурган аялдарга жолукту

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абакта балдары менен отурган аялдарга жолукту. Бул тууралуу өз Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Акыйкатчынын айтымында балдары менен абакта кармалып аялдарга жеткиликтүү шарттар түзүлгөн эмес.
"№2 аялдарды түзөтүү мекемесине барып, жазасын өтөп жаткан аялдардын кээ бирлери менен жолуктум. Биринчи ирет кичинекей балдары барлар менен сүйлөштүк.
Азыркы учурда 3 жашка чейинки ымыркай балдары бар 9 аял абакта экен. Эне-балага түзүлгөн шарт жана медициналык камсыздоо, тамак аш маселелерине көңүл бурулду.
Аялдардын айтымында дагы, өзүбүз да байкаганыбыз балдарга атайын ойной турган жер (площадка) керектүү шартта түзүлбөптүр, коопсуз эмес; кир жуугуч машинкасы жок экен, кичинекейлерге памперс жетишпейт, манеж жеткиликтүү эмес.
Абактагы аялдар белгилеген көйгөйлөр:
- балдары барларга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү колдонулбаарын баса белгилешти.
Паракорчулук менен, кызматтык абалын колдонуп кылмыш жазага тартылгандарга токтотулса, бизге эмнеге бул кепилдик колдонулбайт дешти.
- бирок эң чоң укуктарынын чектелиши катары, материалдык зыянды (акча каражат) төлөй албаса, соттор бул аялдарга шарттуу бошотууну колдонуудан баш тартат. Чоң акчага зыян келтиргендер ортодон чечим чыгарчуларга “тыйын-тыпыр” бере калып бир күн да абакта болбой, тергөө изоляторунан эле эркиндикке чыгып кетишет, биз болсо акчабыз жок, “сураган” акчасын бере албайбыз. Мыйзам баардыгына бирдей колдонулбайт; терс, паракорчулук тажрыйба орнолуп калды дешти.
Жакын арада биздин Институт Омбудсмена КР командабыз жаза аткаруу мекемелерине, мамлекет тараптан дайындалган адвокаттардын ишмердүүлүгүнө, соттордун иштөө процесстерине чоң мониторингтерди баштайбыз", - деп жазды акыйкатчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан