Жогорку Кеңеш менен Толеранттуулук жана тынчтык үчүн эл аралык парламентинин ортосунда меморандумга кол коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Абу-Даби шаарында өткөн Толеранттуулук жана тынчтык үчүн эл аралык парламентинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча бир катар мамлекеттердин баяндамалары угулду. Отурумга элүүдөн ашык өлкөнүн парламент өкүлдөрү, анын ичинен Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук кеңешинин депутаттары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңеш менен Толеранттуулук жана тынчтык үчүн эл аралык парламентинин ортосунда чыр-чатактардын алдын алуу, сабырдуулукту жана тынчтыкты чыңдоо жаатында мындан ары өз ара алаканы арттыруу жана тажрыйба алмашуу максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Толеранттуулук жана тынчтык үчүн эл аралык парламентинин курамы дээрлик жетимиш мамлекеттен: Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнөн, Малайзиядан, Камбоджадан, Шри-Ланкадан, Грузиядан, Азербайжандан, Түндүк Македониядан, Түркиядан, Африка өлкөлөрүнөн турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан