Өлкөдө 7-апрель дем алыш күн болот

7-апрель мамлекеттик, муниципалдык мекемелер үчүн дем алыш күн болот. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен кабарлашат.

Маалыматка ылайык, Эмгек кодексинде 7-апрель - Апрель элдик революциясы күнү Кыргызстанда иш күн эмес деп белгиленген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.

Аталган мыйзам долбоору 2010-жылдагы курман болгон баатырларды эскерүү жана өлкөнүн жаштарын патриоттук сезимдерге тарбиялоо максатында иштелип чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан