2 жарым жаштагы кыздын өлүмү: 10 жылга кесилген өгөй атага мунапыс колдонулганы нааразычылык жаратты

Жалал-Абадда 2 жарым жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган өгөй атага карата облустук сот чечим чыгарган. Бирок мунапыс менен соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү кыскартылганын "Адилет" укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Уюмдун маалыматына караганда, Сузак районунун 36 жаштагы тургуну 138-берене "байкоосуздан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал катаал режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөсүн деген өкүм чыккан. Бирок мунапысты колдонуу менен (2020-жылдын 8-майындагы № 53 "мунапыс жөнүндө" мыйзамы) соттолуучунун мөөнөтү 1/3кө кыскартылган.

Окуя 2019-жылдын март айында Сузак районунда катталган. Анда 2 жарым жаштагы кыз киши колдуу каза болгон. Райондук сот ошол эле жылдын ноябрь айында кыздын апасын жети жарым жылга эркинен ажыраткан. 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу төрөлгөн бала 14 жашка чыкканга чейин токтотулган.

2020-жылы 23-июнда Жалал-Абад облустук соту облустук прокуратуранын арызынын негизинде биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарган. Прокуратура өз билдирүүсүндө кызды өлтүрүүгө өгөй атасынын катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин көрсөткөн жагдайларга көңүл бурган.

Прокуратура наристеге келтирилген жаракат бутактан жана телефонду кубаттаган зымдан болушу мүмкүн эмес экенин билдирген. Мындан тышкары облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна шилтеме жасаган. Корутундуда "наристенин боору жарылып, колдору, тизелери жана бели көк ала болгонун, туюк нерсе же дубалга урунуунун натыйжасында башында 38 миллиметр гематома жана тактар, кулактын арткы жагы сыйрылган..." деп көрсөтүлгөн.

"Киши өлтүрүүнү моюнга алдыруу үчүн жолдошу аялын алдаган" дешкен келиндин жакындары. Ал кош бойлуу аялга көп жыл берилбей турганын, унаасын сатып чыгарып алам деп ишендирген. Ал эми соттук териштирүүдө келиндин нес абалынан пайдаланып, жолдошу ага карата жалаа жапкан.

Наристенин мыйзамдуу өкүлү болгон чоң атасынын кызыкчылыгын коргогон "Адилет" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжанов биринчи инстанциядагы соттун чечимине таң. Ал өгөй атаны 135-берене (байкоосуздуктан өлүмгө алып келүү) боюнча 4 жарым жылга жылга эркинен ажыратууга нааразы.

"Наристенин денесинен катуу токмоктолгон издер табылганда этиятсыздыктан өлүмгө алып келди деп кантип айтууга болот", - дейт жактоочу. Прокуратуранын арызынын негизинде Жалал-Абад облустук соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, 138-берене (ден соолукка оор залал келтирүү, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген) менен ишти караган.

Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжанов облустук соттун чечимине макул эмес.

"Эгерде бир адам кокустук аракет жасап же соккунун күчүн эсептебей туруп урса бул шалаакылык катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок кичинекей баланы атайылап мыкаачылык менен ур-токмокко алуу шалаакылык эмес", - дейт юрист.

Мындан улам жактоочу Райымжанов Жогорку Сотко кассациялык арыз даярдап жатканын белгилешти уюмдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан