Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Жоргорку окуу жайлар арасында спартакиаданын ачылыш аземи болду.
Ачылыш азем эстрада жылдыздардын катышуусу менен өтүп, келгендерге концерттик программа тартууланды. Ачылыш аземге Жогорку окуу жайлардын мугалимдери, машыктыруучулар жана студенттер катышты.
Универсиадага өлкөдөгү Жогорку окуу жайдын студенттери спорттун 17 түрү боюнча катышууда.
Белгилей кетсек, студенттик лигаларынын универсиадасы Маданият, маалымат спорт жана жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы тарабынан өткөрүлүүдө.
Универсиада 26-апрелде аяктайт.