Даурбек Сакыев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал буга чейин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти. Талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн жана Талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.