Токмокто уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Токмокто уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынын башында Токмок ШИИБге жергиликтүү тургун 38-жаштагы М.Н. арыз менен кайрылып, 3-5-мартында уурулук кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Алар үйдүн аймагынан эки жолу көпүрөнүн темир бөлүктөрүн, ошондой эле короодогу башка темир буюмдарды уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты Токмок ШИИБне КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган фактыларды жасоого шектүү катары Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөо кызматкерлери жана Токмок шаарынын ИИБнын кызматкерлери тарабынан 40 жаштагы Д.Д. аттуу жаран аныкталды.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан