Саясатчы Аида Салянованын кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Салянова Фейсбук баракчасына жазды.
Ошондой эле кызы жана мактоо баракчасы, Кубок менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
“Биздин биринчи чоң жеңишибиз!
Кызым Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиону болду.
Алдыда Дүйнө чемпиондугу.
Ийгилик каалап коюңуздар, туугандар!”, - деп билдирүү калтырган саясатчы айым.