Министр Руслан Казакбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин жетекчиси менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-мартта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германия Федеративдүү Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушуусу болуп өттү.

Германия экономикасынын Чыгыш комитети Германиядагы 350дөн ашык орто жана ири бизнес компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана дүйнөнүн 29 өлкөсү, анын ичинде КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен иш алып барат.

Министр Руслан Казакбаев маектешине Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин түзүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

Тараптар Кыргыз-Германия соода-экономикалык кызматташтыгы, анын ичинде Кыргызстандын жана Германиянын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда Чыгыш комитеттин аянтында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Энергетика, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Мындан тышкары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында кызматташуунун жаңы жолдорун издөө боюнча өзүнчө макулдашуу жетишилди.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалын талкуулоо контекстинде ага Украинадагы окуялардын тийгизген таасири каралды. Ушуга байланыштуу министр Руслан Казакбаев Кыргызстан Украинадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактаарын, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ар кандай өлкөлөрдүн ортомчулук аракеттерин кубаттаарын жана бул максаттар үчүн аянтча берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Министр Казакбаев Хармс мырзаны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чыгыш комитетинин Кыргызстанга делегациясын жөнөтүү, анын ичинде алдыда боло турган Кыргыз-Германия бизнес форумуна катышуу ниети ырасталды. Форумду 2022-жылдын июнь-июль айларында өткөрүү боюнча алдын ала макулдашуу жетишилди.

Кыргыз-Германия ишкерлер кеңешинин түзүлгөндүгү оң жагына белгиленип, анын биринчи отурумун 2022-жылдын май-июнунда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөрүү алдын ала пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан