Ырчы Мурат Ниматов үйлөндү. "Жолугушуу үчүн Бишкектен Ошко барып жүрдүм" дейт ал

"Гүл кыздар", "Студент кыз", "Махабатым арманым", "Таарынчагым" деген ырлардын аткаруучусу, ырчы Мурат Ниматов бойдокчулук менен коштошту. Ал 1 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошуп, түгөйлөр бүгүн, 29-мартта үлпөт той өткөрүшөт.

"Жубайымдын аты Уулкан, жашы 20да. Экөөбүз былтыр интернет аркылуу таанышканбыз. Бир аптадан кийин эле жолугушуу үчүн Ошко баргам. Жолуккан күнү үйлөнөлү деп айткам, нес болуп түшүнбөй туруп калды. Ойлонуп жүрдү анан көндү. Мен сүйүктүүм менен жолугушам деп жарым жыл бою Бишкектен Ошко 15 күн сайын барып жүрдүм.

Кечээ кыргыздын каада-салты менен сүйүктүүмдү ата-энесинин үйүнөн алып келдик. Үлпөт тоюбуз Оштогу тойканалардын биринде бүгүн болот", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан