Бүгүн, 29-мартка карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен 11 адам Бишкек шаарында катталса, 6 адам Чүй облусунда катталган.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 миң 909га жетти.