Кечээ, 28-мартта Жогорку Кенештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны Сузак районунда өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, депутаттар райондогу эң орчундуу көйгөйлөрдү жеринде көрдү. Сузактагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Бостон, Кундузчу, Алашан, Питомник, Аэропорт участкаларынан дарыя агып өтөт. Кара-Дарыя суусу аркылуу Кыргызстан Өзбекстан менен 16 чакырым аралыкта чектешет. Өзбекстандын Пахта-Абад участкасына чейин 11 чакырым суунун жээги бекемделген эмес. Мунун кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагынын 600 гектар жер аянты, 200 турак жай кооптуу абалга кептелген. Сел ташкынынан 1000 гектарга жакын айыл чарба жери суу алдында калган жана 50 үй жараксыз абалга келген. Айыл өкмөттүн башчысы Нурбек Караев депутаттарга маалымат берип, тезинен дарыянын 4.5 чакырым жерине дамба куруп, бекемдөө зарылдыгын айтты. Анын айтымында, сел жеген сайын Кыргызстандын жери желип, чек ара жылып жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бул Сузактагы эң оор маселе болуп жатканын белгилеп, акча каражатын бөлүп берүүнү чечимге киргизүү зарылдыгын комитет мүчөлөрүнө айтты.
Аталган комитеттин төрагасы Б.Сыдыков, мүчөлөрү: У.Ормонов, М.Саккараев, А.Маткеримов, М.Сыдыков, Б.Чойбеков, Б.Шабазов, Э.Сулайманов, А.Исираилов жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар айыл өкмөттөрдүн мектеп, жол сыяктуу маселелери менен жеринде таанышып жүрөт.