Өлкөдө атасынан дагы, энесинен дагы ажыраган балдар учурда 6000 сом жөлөк пул алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өткөн маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.
"2022-жылдын 1-октябрынан баштап багар-көрөрүнөн ажыраган балдардын жөлөк пулу көтөрүлөт. Сиздерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсем, атасынан же апасынан айрылып калган балдардын жөлөк пулун 1-октябрдан баштап 1500 сомго жеткиребиз. 2022-жылдын 1-январынан тарта министрлер кабинетинин буйругу менен ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдардын жөлөк пулун 2000 сомго жеткирдик.
Ошол эле учурда атасынан дагы, апасынан дагы ажыраган балдардын жөлөк пулун 3000 сомго жеткирсек, 1-январдан тарта 6000 сомго жеткирдик. Эгерде бир үй-бүлөдө атасынан, апасынан ажыраган 3 бала болсо, үчөөнө тең 6000 сомдон төлөнөт", - деди ал.
Мындан тышкары Абжапаров багар-көрөрүнөн ажыраган балдардын жашоосу кандай болсо дагы жөлөк пул ага карабай берилерин белгиледи.