
5 суткага камакка алынган юрист
Нурбек Токтакуновдун апелляциялык даттануусу боюнча акыйкатчылар сот отурумуна мониторинг жүргүзүштү. Бул туурасында Акыйкатчы аппаратынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин жактоочу аны 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимине даттанган.
"28-мартта Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жактоочу Нурбек Токтакуновдун апелляциялык арызы боюнча Бишкек шаардык сотунда болуп, соттук процесске мониторинг жүргүзүштү.
Акыйкатчынын өкүлдөрү белгилегендей, башында аудио-видеофиксация жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам жактоочунун өтүнүч каты боюнча жазуу жүргүзүлдү. Токтакуновдун апелляциялык даттануусун кароонун жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды", - дешти аппараттан.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинтти деп Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу
чечимин чыгарган.