Бишкекте жакынкы сааттарда катуу шамал болуусу күтүлүүдө

Бишкекте жакынкы сааттарда катуу шамал болуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартта түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болуусу күтүлүүдө. Буга байланыштуу мэрия кырсыктардан алыс болуу үчүн айдоочуларды унааларын кооптуу дарактардын жанына токтотпоого чакырат.

Шаар бийлиги кооптуу кырдаал болсо төмөнкү номерлерге байланышуу керектигин эскертет: 112, 1840, 1850, 0554 -182-185.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан