Ак Үйдүн алдында таман таштарды жаңылоо иштери башталды (сүрөт)

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаада таман таштарды алмаштыруу иштерин баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ак Үйдүн айланасында (Чүй кең көчөсүнүн түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин) таман таштарды жаңылоо иштери жүрүп жатат.

"Ошондой эле жакынкы арада Таттыбүбү Турсунбаева, Достук скверлеринде, өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында, өкмөттүк скверде жана "Ала-Тоо" аянтында таман таштарды алмаштыруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан