Бишкекте депутаттар бара жаткан кичи автобустун үстүнө дарак кулап түштү

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары бара жаткан кичи автобустун үстүнө дарак кулап түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова тастыктады.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 29-мартта саат 14:00 чамасында Бишкек шаарына Ысык-Көл облусу тараптан кире бериште болгон.

“Адамдардан эч ким жабыркаган жок, болгону унаа зыянга учурады”, - деди басма сөз катчы.

Депутаттар Ысык-Көл облусунда болгон семинардан кайтып келе жатышкан.

Бүгүн түштөн кийин катуу шамал болорун буга чейин Бишкек мэриясы эскертип, тургундарды сак болууга чакырган.

Бишкекте депутаттар бара жаткан кичи автобустун үстүно дарак кулады дарак басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан