"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Төө-Ашуу", "Ала-Бел" жана "Өтмөк" ашууларында аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.

"Аталган ашуулардын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү байкалууда. Ал эми жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Айдоочуларга чынжыр алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан