Бүгүн, 29-мартта Таласта сүттүн баасын жогорулатуу талабы менен фермерлер президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековго жолугушту.
Алар сүт өндүрүүчү заводунан азык-түлүк кымбаттаганына байланыштуу сүттүн баасын кымбаттатууну суранышкан. Бирок заводдун өкүлдөрү апрель айынан баштап сүттүн баасы мындан дагы төмөндөй турганын айтышкан. Учурда фермерлер сүттү 30 сомдон өткөрүп жатышат.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү комиссия менен сүттүн баасын жана сапатын текшерүү керектигин айтты.