Бүгүн, 30-март саат 12:15ке карата өлкөдө доллардын баасы дагы арзандады.
Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 82 сом 50 тыйындан 84 сомго чейин, сатуу 84 сом 50 тыйындан 86 сомго чейин болууда. Улуттук банкта 1 доллар 87 сом 94 тыйын деп көрсөтүлөт.
Ал эми рублду сатып алуу 85-92 тыйын, сатуу 1 сом 5 тыйынга чейин болууда.