Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас унаа жолунда кар көчкүнү атайын түшүрүү иштери жүрүп жатат

Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас унаа жолунда кар көчкүнү атайын түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-марттан 4-апрелге чейин Бишкек-Ош жана Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолдорунда атайылап кар көчкүлөрдү түшүрүү иши жүрөт.

Республиканын бийик тоолуу райондорунда метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-255 жана Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунун 1-14-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралгандыктан артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүлөрү мажбурлап түшүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан