Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктарды ишембиликке чакырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишембилик 2-апрелде өтөт.
"Борборубуз үчүн бир күнүбүздү арнайлы. Шаарыбыз кам көрүүгө муктаж. Ар бирибиз өз корообузду иретке келтирип алсак, шаар таза болот.
Мындан тышкары ишембиликте "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында дарак отургузууга басым жасайбыз", - деген калаа башчысы.
Мындан тышкары мэр ишембиликте чогулган таштандыларды чыгарууда ар дайым "Тазалык" ишканасынын жоопкерчилигинде экендигин кошумчалаган.