Бишкекте оңдоо үчүн бир канча көчөлөр жабылды (тизме)

Бишкекте оңдоо үчүн бир канча көчөлөр жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаздын келиши менен Бишкек шаарынын мэриясы шаарды көрктөндүрүү иштерин жандантты. Кытайдын гранттык каражаттары менен камсыздалган "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жол иштери кызуу жүрүүдө.
Көчөлөрдүн көбүндө былтыркы жылы башталган иштер улантылып жатат.
30-мартка карата 17 көчө оңдоо иштерине толугу менен жабылды:
1. Гидростроитель көчөсү, Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин, Эне-Сай конушундагы Аламүдүн суусуна көпүрө куруу менен;
2. Сухэ-Батора көчөсү, Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин көпүрө куруу менен;
3. Карасаев көчөсү, Юнусалиев көчөсүнөн Карадарыя көчөсүнө чейин;
4. Кривоносов көчөсү;
5. Маликов көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин;
6. Т.Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
7. Манас көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
8. Мессароша көчөсү, Дэн-Сяопин көчөсүнөн Джамгерчинов көчөсүнө чейин;
9. Эр-Тайлак көчөсү, Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;
10. Жантөшев көчөсү, Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;
11. Жайыл Баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик жаңы конушу Алыкулов көчөсүнө чейин;
12. Өмүр көчөсү, Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейин;
13. Джунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
14. Курултай көчөсү, Магистралдан Ынтымак жаңы конушу Кожомкул көчөсүнө чейин;
15. Садыбакасов көчөсү;
16. Бектенов көчөсү, Карасаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
17. Шералиев көчөсү, Жайыл Баатыр көчөсүнөн Арча-Бешик жаңы конушу Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Жарым-жартылай жабык:
1. Турусбеков көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
2. Архитекторлор көчөсү, Киргизия көчөсүнөн Ак-Босого жаңы конушу, Чоң Чүй каналына чейин;
3. Кулатов көчөсү, Каракөл көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
4. Стадион көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Магистрал көчөсүнө чейин;
5. Чортеков көчөсү, Абдархманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин;
6. Баба-Ата көчөсү, Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
7. Ашар көчөсү, Лущихин көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;
8. Түгөлбай-Ата көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейин;
9. Коёнкөзов көчөсү, Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
10. Чүй проспектисинен Ауэзов көчөсүнөн Учкун жаңы конушунун аягына чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун алдын ала жол кыймылын пландап алууну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан