Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын 54 пайызы эл каттоодон өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, шаарда эл жана турак жай фондун каттоо кызуу жүрүп жатат.
"Жалал-Абад шаардык статистика бөлүмүнөн билдиришкендей, 25-марттан 30-мартка чейин каттоочулар тарабынан 67 407 жаран катталган. Эл жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 3-апрелинде жыйынтыкталат", - деп билдиришти борбордон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында Жалал-Абад шаарында 97 172 адам катталган.
Белгилей кетсек, эл жана турак жай фондун каттоо 10 жылда бир ирет өткөрүлөт.