Эртең, 31-мартта жазгы каникул аяктап, мектептерде окуу башталат.
Окуучулардын жазгы каникулу 10 күн болду. 21-марттан 30-мартка чейин уланды. Сабактар 31-март күнү башталат.
Эске сала кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.