Бүгүн, 31-мартка карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен 10 адам Бишкек шаарында катталса, 2 адам Чүй облусунда катталган.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 миң 935ке жетти.