Жетишип калыңыз. Бүгүн декларация тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн, 31-мартта бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18:00дөн кийин тапшыра алышат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;
  • салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери;
  • юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан