Бектур Корошбек уулу 2000-жылы 21-майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чоңко айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш акын жакынкы аралыкта китеп чыгаруу алдында турат.
САГЫНДЫРАТ
Сагынычтан зээним абдан кейиди,
Сагындырды апакемдин мээрими.
Колу менен коёр эле ушалап,
Кокустан ой ооруп кетсе белими.
Ар ой шибер аралашып бутума,
Айылымдын жетпей жолдор учуна.
Энекемдин жыпар бейиш жыттанган,
Эңсөө болдум апакемдин жытына.
Моюнунан бек кучактап жыттаган,
Моюн бербей кээде сөзүн укпагам.
Оң колумду нур жүзүнө төшөтүп,
Сагындырат апам менен уктаган.
Шаттуу учур айыл кезип калганы,
Шаарга келдим окуп, билим алганы.
Сары майга аралашып жасалган ,
Сагындырат апакемдин лагманы.
Эркетайы шаарда жүрөт томпогу,
Эркелетсе кээде болор торпогу.
Сары майга кызыл кылып бышырган,
Сагындырат апакемдин боорсогу.
Ооруп калсам апам өмүр сакчысы,
Орун басар а мен мурас тактысы.
Сака сыяк… муштум болуп түйүлгөн,
Сагындырат апакемдин мантысы.
КАРЫНДАШЫМ ДЕП КОЁМ ЭЛГЕ ДАЙЫМ
Жан дүйнөмдө жашаган жүрөктөшүм,
Жаным, сен саат, секунд, мүнөттөшүм.
Сезимдер бийлейт чындап музыкада,
Сен барда кантип бакыт күн өтпөсүн?!
Ак сүйүүбүз антыбыздан тандырбасын,
А сен меним сүйүп тапкан тагдырлашым.
Асыл жарым апакемдин ордун алып,
Анда нан жап айланып тандыр башын.
Басып, чуркап жетемин үч аттасам,
Бал сыяктуу куюлам кучактасам.
Таарынбайсың татынам ээ, сени түндө,
Танга чейин жүрөгүмө ушактасам.
Кечээ жылдыз, бүгүн күн эртең айым,
Кереметим керме каш эркетайым.
Кай бирөөлөр сурашса сен жөнүндө,
Карындашым деп коём элге дайым.
ЭХ, ДОСУМ
Эх, досум, анда биз бала элек,
Эзели жаманга кирип баралек.
Жылаңбаш чуркап, кыйкырып,
Жыгылсак булганып багалек.
Эх, анда, досум, дүйнөбүз таптаза,
Эңгиреп уктачык, энебиз таптаса.
Чурулдап ойночук күндү да батырып,
Чуу салып ийчү эле эжебиз таппаса.
Бактылуу балалык дүйнөнү каптаса,
Сүйүнчүк балдар да биз жакка каттаса.
Дуу коюп жолдон өтөөрдө кубанчык,
Дуулат акенин чоң ити каппаса.
Эх, досум, ошол күн керемет эле,
Талпынткан дүйнөнү керебет эле.
Тарсылдап улам жаркылдап жүрсөк,
Тар дүйнө кеңге теңелет эле.
Зымырап убакыт, мезгилдер алмашты,
Зыркырап оорутчу оорулар жармашты.
Түндөсү түркүн түштөрү жана
Дүйнөсү болуп а бизди алдашты.
Башкача азыр баягы балдар,
Башкача болуп баарыбыз өзгөрүп.
Эч качан бузулбайт калганбыз анда,
Экөөбүз ошондо «доспуз» деп сөз берип.
Айылдан узап шаарына бардык,
Ала-Тоолук сен, мен баарына Жалдык.
Болбогон сөздү көтөрө алышпай,
Борбордон болсо таарына калдык.
Жоголду сенин көпкө дайының,
Жогору сүзө албай менин кайыгым.
Алыңды сурабай калдымго кечиргин,
Ал болсо, досум, менин айыбым.
Дабышты тунук суу, көк асман, тоо укту,
Дабаасы жүрөктүн даарыгер жолукту.
А, балким, убакыт аларга арналып,
Алгандыр баарысын болочок колукту…
Билмексен болуп башканы жабалы,
Билесиңби сен бул өмүр саналуу.
Эзилип олтуруп сүйлөшүп алууга,
Эх, досум, эми биз убакыт табалы.