20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ошто маалымат жыйынын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө алар президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу катын жолдошту. Ош шаарынын элинин атынан жолдонгон кайрылууда президенттин коррупцияга каршы күрөшүү иштери эл ойлогондой болбой жаткандыгы айтылат.
“Сиз коррупцияга каршы күрөшүүнү элге үлгү катары өзүңүздөн жана өкмөттүн аткаминер чиновниктеринен, партиялаштарыңыздан баштасаңыз жакшы болмок. Сиздин айланаңызда иштеп жаткан, партиялаш болуп жүргөн коррупционерлерге эмнеге кылмыш ишин козгобой жатасыз? “Ата Журт” мекенчил-саясий партиясынын депутаттарын жана кыргыз үчүн күйгөн, кыргыздын байлыгын четке чыгарбаганга аракет кылган патриотторду саясий куугунтукка алгандыгыңыз менен бул партиянын миллиондогон шайлоочуларынын укугун тебелеп, элдин кыжырын кайнатып жатасыз. Сиз президент болгондон бери бир да алгылыктуу жумуш аткарылганына күбө боло албадык. Тескерисинче, жалаң гана саясий оюндар, саясий куугунтуктар жана мыйзам бузуулар менен алектенип келесиз» деп айтылат кайрылууда.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304- беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутат 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айып тагылууда.