Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы өз сөзүндө Балыкчы-Кочкор жолунун курулушу жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түзүп, өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ болорун белгиледи.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишкана учурда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” (186 км) темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырымды түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун участогун куруу пландалууда.
Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 чакырымын үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар.
2030-жылга темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди да чечет.