Ырчы Тамга жана Баястан залды шаңга бөлөшүп "Ой бой" ырын аткарышты

Бүгүн, 31-март күнү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ырчы Тамганын “Ханыша кадамы” аттуу алгачкы жеке концерти болуп өттү.

Алгач концерт Тамганын "Ак-Кара" жана "Балалык" аталышындагы ырлары менен башталып, андан соң ырчы Нурбек Савитахунов, Өмүрбек Андарбеков, Эрмек Маматов, Кудайберди Айтбосунов менен биргеликте ыр аткарды.

Ал эми алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу залдагы элге ар кандай тамашалуу оюндарды ойнотуп, элдин маанайын көтөрдү.

Мындан тышкары, Тамга ырчы Баястан менен биргеликте "Ананайын", "Сени жактырам" жана "Ой бой" аттуу ырларды аткарышты. Ал ортодо көрүүчүлөр чогуу ырдашып, залды шаңга бөлөштү.

Концерттин соңунда ырчы өзүнүн продюсерине жана чыгармачыл тобуна ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан