Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат.
Мэриядан билдиришкендей, аталган жерлер 2-апрелден 10-апрелге чейин жабык болот.
"Бул жерде "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин долбооруна, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКга берилген техникалык шарттарга, ошондой эле жер иштерин жүргүзүүгө ордерлерге ылайык жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагы салынат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз, борбор калаанын тургундарын жана конокторунан унаа менен жүрүү маршруттарын алдын ала пландап алууну суранабыз", - деп билдиришти мэриядан.