"Жибек Жолу-2012": 3 тонна 96 килограмм наркотикалык зат табылды
УКМКнын алдындагы Чек ара аскеринин кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-сентябрь-12-октябрь аралыгында өткөрүлгөн "Жибек Жолу-2012" операциясында 3 тонна 96 килограмм наркотикалык зат табылган. Ошондой эле 54 даана ата турган курал, 1060 даана ок-дары, 515 тыюу салынган адабият жана жалпы суммасы 7 миллион 220 693 сом болгон контрабанда табылды.