ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалган Султан Раев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Султан Раевди жамаатка тааныштырууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Дүйсен Касеинов жана эмгек жамаат катышкан.
"Жаңы кызмат ордуна бекиген башкы катчы Султан Раевге ишине ийгилик каалап, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын жайылтууда жигердүү иш алып баруусун каалашты", - деп билдиришти Маданият министрлигинен.
Эске салсак, Султан Раев 31-март күнү Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ТҮРКСОЙ уюмунун баш
катчысы болуп бекиген.