Футбол: "Калыс байкаган эмес". "Бавария" "Фрайбург" менен болгон оюнда 12 оюнчусу менен ойноду

Футбол боюнча Германия чемпиондугунун алкагындагы "Бавария" - "Фрайбург" беттешинде мюнхендик команда оюн талаасына 12 оюнчу менен оюн алып барды.

Беттештин 84 жана 85-мүнөттөрүндө "Бавариянын" башкы машыктыруучусу Юлиан Нагельсманн эки алмаштыруу жасады: Кингсли Командын ордуна Марсель Сабитцер, Никлас Зюленин ордуна Корентин Толиссону алмаштырылды.

Бирок Кингсли Коман оюн талаасын таштап кеткен эмес. Жыйынтыгында "Бавария" 12 оюнчусу менен ойногон. Беттештин калысы муну байкаган эмес. "Бавария" 15 секундга жакын атаандашынан бир оюнчуга көп болуп ойногон.

Андан кийин калыстар дароо оюнду токтотуп, абалды көпкө талкуулап, оюнду улантууну чечишкен. Жыйынтыгында "Бавария" 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан