Алымкадыр Бейшеналиевдин Исманкуловдун клиникасындагы бейтаптар тууралуу айтканы (видео)

Социалдык тармакта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 14-мартта Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасына кум төгүп жатканда тартылган видеосу тарады.

Видеодо министр "Адамдар кала берсиң дейм. Украиналыктар деле ачка болуп жатат. Алар деле ачка боло берсин", - дегенин угууга болот.

Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан. Бирок имарат бошотулбаганына байланыштуу клиникага мөөр басылган. Кийинчерээк министр Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салганын айткан.

Бишкектеги №2 көп профилдүү клиникалык ооруканада, тагыраагы Исманкуловдун менчик клиникасынын чатырын оңдоо иштери башталган.


Алымкадыр Бейшеналиевдин Исманкуловдун клиникасындагы бейтаптар тууралуу айтканы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан