Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 28 жаштагы Нодирабегим Абабакирова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 23-мартта таңкы саат 05:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Нодирабегим Абабакирова кат жазып калтырган.
Анда "Мени издебегиле, мени кечиргиле" деп жазылган.
"Ал ошондон бери дайынсыз болууда. Учурда Нодирабегимдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция кызматкерлери аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", - дешти маалымат кызматынан.
Белгилери: Бою 175-180 сантиметр, ак жумал, чачы кара жана узун, кашы, көзү кара.
Кийген кийимдери: Башында жашыл түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү узун көйнөк, сары түстөгү кемзир, бутунда кара бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат.
Байланыш номерлери: 102, (03748) 5 02 09, 0556 84 84 58.