Жалал-Абадда 3 ай аралыгында оң рулдуу унааларга байланышкан 34 кырсык орун алган

Жалал-Абад облусунун аймагында 3 ай ичинде 128 авто кырсык катталды. Анын кесепетинен 19 адам каза таап, 213 адам жаракат алган. Анын ичинен 34 кырсык оң рулдуу унаалардын катышуусунда орун алып, 32 жол кырсыгына оң рулдуу унаалардын айдоочулары күнөөлүү деп табылган. Оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктардан улам 8 адам каза таап, 65 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, былтыркы жылы 3 айда 114 авто кырсык катталып, андан 21 адам каза болуп, 189 адам жаракат алган. Анын ичинен 31 авто кырсыкта оң рулдуу унаалардын катышуусу болуп, 7 адам каза таап, 70 адам жаракат алган.

Негизинен оң рулдуу унаалар жүргүнчү түшүрүүдө жана ашып өтүүдө ыңгайсыздыктарга кабылат дешет башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан