"Centerra Gold Inc" бүгүнкү күндө "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому жана Кыргызстандын өкмөтү менен "Кумтөр" кенине болгон менчигинен жана Кыргызстандагы инвестициялардан ажыратылышы, "Кыргыз алтындын" ишмердүүлүгүнө катышуусун токтотуу, ошондой эле бардык талаш-тартыштарды чечүү боюнча тынчтык келишимине жетишкендигин жарыялайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле билдирүүдө канадалык компания 2021-жылдын үч кварталы үчүн "Кыргыз алтын" албай калган дивиденддерди жана "Центерра" менен анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы компаниялар аралык балансты жөнгө салууга байланыштуу башка финансылык компенсацияларды төлөй турганы белгиленет.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-апрелде президент
Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасап, анда "Кумтөр" алтын кени толугу менен Кыргызстанга
өткөнүн белгиледи.