Садыр Жапаров: "Куттуктайм! Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур десем аша чапкандык болбостур"

Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады. Өлкө башчы кайрылуусу "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу экенин белгиледи.

"Кумтөр" кени мындан ары толук түрдө Кыргызстанга таандык, тагыраак айтканда компания 100 пайыз республиканыкы. Муну кыргыз элине жана жалпы дүйнө коомчулукка жарыялайм. "Центерра" менен талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу боюнча келишимге жаңы эле кол коюлду. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур десем аша чапкандык болбостур. Анткени элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген ушундай болуш керек. Мен жалпыңыздарды, бүткүл элибизди бул жеңиши менен куттуктайм", - дейт президент.

Белгилей кетсек, канадалык Centerra Gold компаниясы "Кумтөр" кени боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюнча Кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле компания расмий билдирүү жарыялап, бир катар шарттарды койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан