Ошто турак үйдүн ичинде дубал урап, бир адам каза болду

Ошто турак үйдүн ичинде дубал урап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын Касымов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ош шаардык "Куткаруу кызматынын" 4 куткаруучусу тартылды.
Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы урап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталды.
Каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан