Бир жыл мурун: Ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекова ушул күнү уурдалган

Өлүм коштогон ала качуу

Туура бир жыл мурун, 2021-жылы 5-апрелде Бишкек шаарынын Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен 27 жаштагы Айзада Канатбекованы белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Аны бир нече адам унаага салып кеткени тасмага түшүп калган. Видеодон кыз уурдалган учурда жолдон өтүп бара жаткан кишилер реакция кылбаганын көрүүгө болот. “Милиция катардагы ала качуу катары баалап, астейдил аракет көрбөй жатат” деген адамдар аталган тасманы социалдык тармактарга таратышкан.

Уурдалган кыз талаадагы унаадан зордукталып өлтүрүлгөн жеринен табылган

Коомчулукта аталган тасма талкуу жаратып, укук коргоо кызматкерлери активдүү издөө иштерин башташып, 7-апрелде Бишкек шаарынын четиндеги Арашан айылына жакын жерде токтоп турган унаадан Айзада Канатбекованын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси табылган. Милициянын маалыматына караганда ала качкан адам алгач Айзаданы муунтуп өлтүрүп, кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйган. Экспертиза кыз өлтүрүлгөнгө чейин зордукталганын аныктаган. 8-апрелде Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген.

Ала качкан адам мурда үйлөнгөн жана бир нече жыл абакта отурган

Бишкек милициясы бул коомчулукка чуу жараткан окуя боюнча атайын маалымат жыйын өткөрүп жатып, Айзаданы ала качкан адам Замирбек Теңизбаев тууралуу кыскача маалымат берген. Замирбек Айзададан 9 жашка улуу болгон. Мурда үйлөнгөн, 2 баласы болгон. Ошондой эле Орусияда 6 жыл абакта отуруп келген. Акыркы учурда инисинин атынан ижарага унаа алып, аны менен адам жеткирип иштеп жүргөн. Жашаганга жайы болбогондуктан ошол эле унаанын ичине түнөп жүргөн.

Айзаданын өлүмүнөн кийин 40тан ашык “шалаакы” милиция иштен алынды

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялары өтүп, милиция кызматкерлери катуу сынга кабылган.

Бул окуяга байланыштуу 40тан ашуун милиция кызматкери иштен алынганы кабарланган.

Айзаданы ал качууга көмөктөшкөндөр абакка кесилди

Замирбек Теңизбаев өз жанын кыйса, ага Айзаданы ала качууга көмөктөшкөндөр сот жообуна тартылды. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. 30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарган. Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапкан.

Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан