Бакыт Төрөбаев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча акимдер менен жыйын өткөрдү

Бакыт Төрөбаев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча акимдер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча Чүй облусунун райондорунун акимдери менен видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп, дыйкандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүсү зарыл.

«Район акимдери да азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жоопкерчилик алышы керек. Буудайдын, май өсүмдүктөрүнүн жана кант кызылчасынын айдоо аянттарын көбөйтүү маселесин иштеп чыгуу керек. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алууда, аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо, ирригация маселелерин чечүүдө, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарыл. Ал үчүн “Агроөнөр жай комплексин насыялоо”, “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорлоруна катышкан коммерциялык банктар ыкчам иш алып барып, дыйкандын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек», - деди ал.

Жыйын соңунда Айыл чарба министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, профилдик түзүмдөргө дыйкандарды сезондук талаа иштерин жүргүзүүсү үчүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду өз убагында каржылоо, облустук жана райондук өнүгүү фонддорунан ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз каражат бөлүп туруу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан