10 миллион сом бөлүндү. Таласта "Семетей" кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө

Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Семетей" кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, кинотеатрдын жетекчилигинин жана Кара-Буура элинин кайрылуусуна ылайык Талас облусунун өнүгүү Фонду тарабынан кинотеатрдын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 10 миллион сом берилген. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
“Семетей” кинотеатрынын имараты 1980-жылы курулган. Калкты кино менен тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Кинематография департаменти тарабынан Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата 2015-2016-жылдары имараттын чатырын оңдоого 450 миң сом бөлүнүп жана кинопроекциялык комплект менен камсыздалып көрүүчүлөрдү тейлеп келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан