Жазгы-талаа, түшүм жыйноо иштерине карата жайкы дизель майын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды

Бүгүн, 9-апрелде министрлер кабинетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин жыйынында жалпысынан 14 маселе каралды.

2022-жылдагы жазгы-талаа жана түшүм жыйноо иштерине зарыл болгон жайкы дизель майын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

Буга катар республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби жана аудит боюнча комитет жөнүндө жобо бекитилди.

Азыркы учурда министрлер кабинетинин бардык чечимдери ыкчам тартипте каралып, министрлер кабинетинин талкуусуна коюлат. Мамлекеттик органдардан келип түшкөн сын-пикирлер да ыкчам каралып, министрлер кабинетинин жума сайын өткөрүлүүчү жыйналыштарында көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан