Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча мамдирекциянын ишин депутаттык комиссия иликтеп бүттү

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча 2010-жылы түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия өз ишин аяктады. Муну бүгүн, 27-ноябрда парламент жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев айтты. Ал бул маселе боюнча иштин жыйынтыгы жакында жыйында карала турганын айтты.  

Эскерте кетсек, депутаттык комиссия 2013-жылдын 18-апрелинде түзүлгөн болчу. Дирекция 2010-жылы түзүлүп, 2013-жылдын январь айында жоюлган. Аны 2010-2011-жылдары учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, андан кийин саясий ишмер Жусупжан Жээнбеков жетектеп турган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан