Казакстанга кайсы өткөрмө бекеттер аркылуу өтүүгө болот? Чек ара кызматы билдирүү таратты

Чек ара кызматы 2022-жылдын 11-апрелинде саат 00:00дөн тарта Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик чек арадан “Ак-Жол авто жол” өткөрүү пункту аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз өтө баштаганын билдирди.

"Кыргыз Республикасынын жарандары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан “Чалдыбар”, “Ак-Жол”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат. Бош унаалар чек арадан "Кең-Булуң" өткөрмө пункту аркылуу өтө алат. Чек арадан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөнүн жарандары акыркы 72 сааттын ичинде өткөн ПЦР-тесттин сертификаты же 6 айдан ашпаган мөөнөткө эмдөө күбөлүгүн көрсөтүшү керек", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Казакстандын чек арасы аркылуу Орусияга кирүү үчүн Кыргыз жарандары Орусиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалымат алышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан