Эртең, 12-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө суу болбойт. Анда Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат.
Бул Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.