Электрондук каттоодо орун алган мүчүлүштүктөрдүн себеби аталды

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо системасында техникалык мүчүлүштүктөр орун алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин электрондук каттоо пилоттук долбоор катары өлкөнүн 5 шаарында ишке ашырылса, быйыл бардык аймактарда ишке кирип жатат.

"Мектептерге 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталды. Бүгүн электрондук каттоо системасында техникалык мүчүлүштүктөр болду. Быйыл өлкө боюнча электрондук каттоого кирип жатабыз. Анда Кадастрга кирген көчөлөрдүн даректери жазылган. Кээ бир көчөлөр бүгүн чыкпай калып, ата-энелер бушайманга түшүүдө. Бирок кайра кайрылып, арыз жазганда ошол көчө кирип жатат.

Электрондук каттоо 2 этапта жүргүзүлөт. Эч бир бала окубай калбайт", - деп билдирди Үсөналиев.

Мындан тышкары ал системага кирүүдө мектептерде бош орундар чыкпай, системага кире албай калган учурлар катталганын анын үстүнөн учурда команда иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-апрелде өлкөдө мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталганын Билим берүү министрлигинен билдиришкен.

Мектепке балдарды кабыл алуу үчүн электрондук каттоо системасына нааразы болгон ата-энелер Билим берүү министрлигине барышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан